Киев көчөсүн көрктөндүрүүнүн алкагында ирригацияларды орнотуу, тротуарларды оӊдоо, унаа токтотуу жайларын куруу жана жаӊы көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүүдө.
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ири өлчөмдүү жалбырактуу бактардын көчөттөрүн отургузууда. Аталган көчөдө 100 гө жакын липа жана 180 көчөт эмен отургузулат. Азыркы учурда отургузуу иштерине даярдыктар жүргүзүүдө.
Үстүбүздөгү жылы «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы клен, эмен, кайыӊ, ясень, каштан, тыт ж.б. 4 миӊден ашык көчөт отургузууну пландоодо.
Октябрь районуна - 1505 көчөт, Биринчи май районуна – 338, Ленин районуна – 1990, Свердлов районуна 845 көчөт отургузулат.
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы - Элгондиев Токтобек Абдыкеримович (37-53-30).
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |