К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин актовый залында Бишкек шаарынын 2017-жылга карата бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга карата божомолдор боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыковдун айтуусу боюнча, шаардын бюджетинин кирешелери 8865,2 млн.сом суммасында болжолдонот. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 368,9 млн.сомго ашык, же болбосо өсүү темпи 104,3% түзөт.
Жалпы шаардык угуулар «суроо-жооп» форматында өткөрүлүп, шаар тургундары тарабынан жарыктандыруу, канализацияга кошулуу, кварталдар аралык жана короолордун ички жолдорун оӊдоо жана башка суроолор берилди.
Угуунун жүрүшүндө биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков 2017-жылга карата бюджет социалдык тармакка багытталгандыгын, 2017 –жылы саламаттыкты сактоого - 273,6 млн. сом, эс алуу, дин жана маданиятка - 296,5 млн. сом, социалдык коргоого - 312 млн. сом жана билим берүүгө - 3 млрд. 412,2 млн. сом бөлүү пландалып жаткандыгын белгиледи.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, райондук администрациялардын башчылары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |