Бишкек шаарынын мэриясында мэр Албек Ибраимовдун шахмат боюнча дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Анатолий Карпов 25-мартта КРнын Шахмат федерациясынын чакыруусу менен, ардактуу конок катары президенттин кубогу үчүн ат салышкан балдар турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн жана өлкөдө шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунга бул жаатта түрткү берүү максатында келди.
Жолугушууга Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмазбек Кененбаев, КРнын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов жана федерациянын өкүлдөрү катышышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |