ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов  жана элдик революциясынын катышуучулары 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияны эскерүүгө арналган гүл бакчага бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

Гүл бакча Шабдан Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен курулган. Аталган максатка президенттик фонддон 7 млн. сом, шаардык мэрия тарабынан кошумча 1,3 млн. сом. бөлүнгөн.


Калаа башчысы Албек Ибраимов гүл бакчаны куруу  жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Даярдоо иштери 2016-жылдын 10-июнунда башталып, 2016-жылдын август айында толугу менен бүткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылган.


Иш-чаранын соӊунда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана иш-чаранын катышуучулары көчөттөрдү отургузушту.

 

Жаңылыктар