Бишкек шаарынын мэриясында Турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Шаардык муниципалитет башчысы Албек Ибраимов турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кызматкерлердин күндө аткарып жаткан чоң иштерине ыраазычылык билдирди жана бекем ден соолук, бакыт –таалай, ийгиликтреди каалады.
“Турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлеринин иш күнү таң эртеден башталып, түнгө чейин болот. Сиздердин талыкпаган мээнетиңиздердин, ак ниет эмгегиңиздердин аркасынан гана шаарыбыз көрккө келип, кооз, жашыл шаарга айланып келет. Бул үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирем”,-деди калаа башчысы.
Турак жай –коммуналдык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ак ниет, үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын алтын, күмүш төш белгилери менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чарага “Тазалык”, “Жашылдандыруу курулуш”, “Бишкек шаардык аза күтүү агенттиги”, “Бишкексууканал”, “Бишкекжылуулукэнерго” жана башка муниципалдык кызматтардын кызматкерлери катышты.
Кыргызстандын турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлеринин күнү март айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлүп келет. Бишкек шаарында аталган тармакта 5 миӊден ашык кызматкер эмгектенет.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |