ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Башкармалыктын ишинин максаты билим берүү жаатында бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу, Бишкек шаарынын муниципалдык билим берүү уюмдарында билим алуусу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо билим берүү чөйрөсүндө аткаруу жана башкаруу иш-милдеттеринин аткарылышы, мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүүдө мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу болуп саналат.

Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык билим берүү уюмдарынын тармагын жана билим алуу үчүн жарандардын укуктарын камсыз кылуу;
- жаштарды кесиптик даярдоо маселелерин координациялоо;
- чарбалык тейлөөнү жана ведомство алдындагы билим берүү уюмдарын каржылоону жүргүзүү;
- окуу-тарбия процессин өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу, коомдун билим берүүчүлүк жана интеллектуалдык дараметин түзүү жана жогорулатуу;
- мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүүнүн деңгээлдерин камтыган үзгүлтүксүз билим берүүнүн тутумунун тармагын рационализациялоо жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик талаптарды эске алуу менен ата мекендик жана чет өлкөлүк педагогикалык илим жана практиканын акыркы жетишкендиктеринин негизинде окутуунун усулдарын жана формаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- балдар жана өспүрүмдөр үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча камсыз кылуу жана контролдоо;
- муниципалдык райондук билим берүү борборлорунун жана мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын окуу-усулдук жана маалымат-укуктук ишмердигин камсыз кылуу;
- билим берүү маселелерин ишке ашырууга багытталган, аймактык программаларды жана долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
- муниципалдык билим берүү уюмдарынын ишинин мониторинги.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы - Мейрманова Сауле Жаксылыковна
Башчынын орун басары - Никифорова Наталья Васильевна
Байланыш телефону: 61-39-72
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч.125
Электрондук почтасы: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.