ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Бөлүмдүн милдеттери болуп Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттеринде бирдиктүү макулдашылган кадрдык саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыздоо, муниципалдык кызматчылардын интеллектуалдык жана башкаруучулук дараметин натыйжалуу пайдалануу жана абалын талдоо болуп эсептелет.
2. Бөлүмдүн негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин кызмат адамдарынын кадрдык саясатын жүргүзүү;
- бош администрациялык муниципалдык кызматтарга орун басарлык кылууга сынактык тандоолорду өткөрүү жол-жоболору боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин кадрларын тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматчылары тарабынан класстык чендерди алуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн дайыма аттестациядан өткөрүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин жыйынды маалыматтык аналитикалык маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин иш-аракеттерин баалоо боюнча аттестациялык-сынактык комиссия үчүн материалдарды даярдоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгек тартибинин абалын контролдоону, иштеген жылдарынын эсебин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери тарабынан жумуш убактысын пайдалануунун табелин жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда бейтап баракчасын төлөөгө, социалдык коргоо үчүн ырастамага протоколдорду жол-жоболоштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бардык кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жана муниципалдык кызматчынын этикасы жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарынын сакталышына учурдагы контролду жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин ээлеген муниципалдык кызматына ылайыктуулугун аныктоо боюнча тестирлөө үчүн суроолорду даярдоо;
- кадрлар боюнча статистикалык ишти жүргүзүү, кызматтык күбөлүктөрдү берүү, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында кадрлар маселелери боюнча буйруктарды даярдоо жана жол-жоболоштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин өздүк көктөмөлөрүн жүргүзүү жана эмгек китепчелерин жол-жоболоштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерин мамлекеттик, өкмөттүк же ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоо;
- жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттерин өз компетенциясынын маселелери боюнча кызматтык текшерүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери үчүн иш сапардык, анын ичинде чет өлкөлүк күбөлүктөрдү жол-жоболоштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.