ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Бөлүмдүн милдети болуп Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун жана шаардык башкаруусун өнүктүрүүнүн саясатын түзүү саналат.
2. Бөлүм ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү негизги иш-милдеттерди аткарат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын аймагында көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү;
- муниципалдык кызматтардын стандарттарын иштеп чыгууну координациялоо жана андан ары сактоо мониторинги;
- муниципалдык кызматтардын администрациялык регламенттерин иштеп чыгууну координациялоо жана андан аркы мониторинги;
- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө администрациялык реформаларды, функционалдык талдоону жүргүзүүнү уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин ылайыкташтыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн Бишкек шаарынын аймагында уюштурулган жергиликтүү коомдоштук жана коомдук түзүлүштөр менен өз ара аракеттерин координациялоо;
- жетектелүүчү багыттагы иш-аракеттер боюнча Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти камсыздоо жана координациялоо;
- бөлүмдүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.