ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Юридикалык бөлүмдүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Юридикалык бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук камсыздалышын жүзөгө ашырат.
2. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мэрдин иш-аракеттерин, анын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча укуктук камсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттерин укуктук камсыздоо;
- мэр, вице-мэрлер жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси тарабынан кабыл алынган чечимдерге укуктук талдоо жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын мүлктүк жана башка мыйзамдык укуктарын, кызыкчылыктарын укуктук каражаттар менен коргоо;
3. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- бөлүмгө түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
- жарандык, экономикалык жана администрациялык иштер боюнча талаш-тартыш маселелерди кароодо соттук жана башка органдарга мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча юрист шаттык бирдиги жок Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө укуктук кеңештерди берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулуктун экспертизасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине кол коюуга көрсөтүлгөн укуктук мүнөздөгү токтомдордун, буйруктардын жана башка документтердин долбоорлорун визалоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратындагы жана анын бөлүмдөрүндөгү укуктук иштерди усулдук жетектөөнү жүзөгө ашыруу, бул иштин абалын текшерүү.