ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 25-майы № 5пк

Бишкек шаарында жол кыймылын жөнгө салуу каражаттарынын абалы жана аларды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык жолдорду жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп берген абалда күтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыздалышы керек, алар жол-транспорт кырсыктарынын себептерин жолдун шарты боюнча изилдөөгө жана зарыл техникалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга тийиш.

Жолдордун коопсуздугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-чаралар автомобилдик жолдор карамагында турган мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан ишке ашырылат.

Жолдорду жол кыймылын жөнгө салууда зарыл каражаттар (светофордук объекттер, жол белгилери, жол белги-чиймелери, жөө жүргүнчүлөр тосмосу жана башка) менен камсыздоо иш-чаралары муниципалдык жолдордо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын бири болуп саналат.

Шаардын светофордук объекттери шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен "КР ИИМ КМБ АМЭБ" мамлекеттик ишканасы тарабынан күтүлөт жана эксплуатацияланат, анын балансында бүгүнкү күндө 216 светофордук объект турат, анын ичинен 73 объект заманбап энергия үнөмдөөчү жарык диоддуу светофорлор менен жабдылган, 53 объектте убакытты артка эсептөө табло бар.

Бул көрсөтүлгөн объекттер 1698 транспорттук светофордон, 124 кошумча секциядан, 634 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофордон турат.

АМЭБнын балансында турган 216 светофордук объекттин ичинен 70% 1975-жылдан тартып 1990-жылдарда курулган, бул көрсөтүлгөн объекттер боюнча жабдуулардын жана кабелдик линиялардын эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрү бүткөн. Бүгүнкү күндө 143 светофордук объект алмаштырууга муктаж, 16 объект ремонтту жана реконструкциялоону талап кылууда. Светофор объекттерин реконструкциялоо үчүн жабдууларды жана материалдарды алууга карата, салыкты эсепке албаганда, алдын-ала алынган эсеп боюнча 48,3 млн. сомго жакын каражат зарыл.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдары менен макулдашылган дислокацияга ылайык, Бишкек шаарынын аймагында шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен жыл сайын светофор объекттери курулуп жаткандыгына карабастан, шаардык көчөлөр светофорлор менен талап кылынган санда камсыз болгон жок.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча 2015-жылы 16 светофор объектисин куруу, 9 объектте кошумча секция орнотуу, 11 светофор объектисинде добуштук белги берүү орнотмосун коюу жумуштары аткарылды.

Мында, Бишкек шаарынын ИИББсынын ШМКБнын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 39 светофордук объект орнотуу, 19 объектте кошумча секция орнотуу, 13 объектте добуш белги берүү орнотмосун орнотуу талап кылынууда.

Анын ичинде, каражаттын жетишсиз бөлүнгөндүгүнө байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылыштагы депутаттарына берилген шайлоочулардын Бах-Валдай көчөлөрү, Симферополь туюк көчөсү - "Көк-Жар" кичи району, Донецк-Набережная көчөлөрү, Ибраимов-Жумабек көчөлөрү, Фрунзе - Курманжан Датка көчөлөрү боюнча жол кесилиштеринде светофор объекттерин орнотуу жөнүндө наказдары толук бойдон ишке ашырылбастан калууда.

2015-жылы курулган 15 объект, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берилбегендигин белгилей кетүү зарыл. Дэн Сяопин проспекти - Интергельпо көчөсү боюнча светофордук объектте орнотулган кошумча секцияны иштетүү маселеси чечиле элек.

Курулган светофордук объекттер муниципалдык менчик реестрине киргизилбейт, КР ИИМ КМБ АМЭБнын балансына, тактап айтканда мамлекеттик менчикке өткөрүп берилет.

2016-жылы 21 светофордук объектти, анын ичинен 10 объект шаардык бюджеттин эсебинен, 9 объект кытай грантынын каражатынын эсебинен, 2 объект республикалык бюджеттин эсебинен куруу пландаштырылган. Ошондой эле шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен 16 светофорго кошумча секция орнотуу, 13 светофордук объектке добуштук белги берүү орнотмолорун орнотуу пландаштырылууда.

Светофордук объекттерди башкаруу натыйжасыз уюштурулган. 1983-жылы ишке киргизилген Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы ("Шаар-М" - ЖКАС) азыркы учурда өзүнүн техникалык ресурсун толук түгөттү жана 2005-жылдан бери иштебейт. Жаңы автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу талап кылынууда, аны ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 261-б буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясына тапшырылган. Бирок, бул иш-чараны долбоорлоого жана ишке ашырууга карата шаардык бюджетте каражат каралган эмес.

Зарыл сандагы жол белгилери жана жол сызык-белгилери менен камсыз болгон эмес. Бишкек шаарынын ИИББ КМБнын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө шаардык аймакта 7199 жол белгиси бар, анын ичинен 3105 белги дефектилерине байланыштуу ремонттоого муктаж (утурумдук күтүү тийиштүү деңгээлде жүрбөйт), эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана механикалык бузулууларга байланыштуу 4240 жол белгисин кошумча орнотуу талап кылынууда.

Бүгүнкү күндө жол белгилери эки ишкана: КР ИИМ КМБ АМЭБнын жана "Бишкекасфальтсервис" МИнин карамагында турат.

КР ИИМ КМБ АМЭБнын маалыматы боюнча бул мамлекеттик ишкананын балансында 6401 жол белгиси турат, алар 2005-2011-жылдар мезгилинде орнотулган. Мында 1996-жылы АМЭБга 6150 жол белгиси өткөрүп берилген.

АМЭБнын балансында турган жол белгилерин дислокациялоо жок, андыктан шаардык аймакта жайгашкан тиги же бул белгинин тийиштүүлүгүн так белгилөө дээрлик мүмкүн эмес. Ар бир жол белгисин эсепке алуу боюнча кандайдыр бир документтер жок.

КР ИИМ КМБ АМЭБнын линиясы боюнча 2013-2014-жылдары шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен 289 жол белгиси орнотулган. 2015-жылы АМЭБ боюнча шаардык бюджет тарабынан тийиштүү чыгымдар каралган эмес, жол белгилерин даярдоо тендеринин жыйынтыктары боюнча, светофордук объекттерди орнотуу жана реконструкциялоо алкагында ишке ашырылган (11 жол кесилишинде 76 жол белгиси орнотулган). Мында негизги каражаттардын тизмегине бул жол белгилери киргизилген эмес, аларды эсепке алуу да жүргүзүлбөйт.

Жол белгилерин орнотуу Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча шаардык жолдорду реконструкциялоо жана куруу алкагында ишке ашырылган. Курулуш жана реконструкциялоо жумуштарынан кийин жолдорду эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп бергендин кийин өткөрүп берилген жол белгилерине талаптагыдай көңүл бурулбайт жана өзүнчө эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

Анын ичинде, 2014-жылы Япония Өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү жана медициналык мекемелерине жакын орнотулган 793 жол белгиси эксплуатациялоочу уюмдарга тийиштүү талаптагыдай өткөрүп бериле элек.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча 2015-жылы шаардык бюджеттин алкагында 10,2 млн. сом суммага 18 көчөдө жана 107 жалпы билим берүү жана медициналык мекеменин жанындагы 36000,0 чарчы метр көлөмдөгү жол сызык-белгилери жаңыртылган.

Жол белгилерин орнотуу жана күтүү боюнча жумуштар 2015-жылдан тартып "Бишкекасфальтсервис" МИнин карамагына өткөрүп берилди, алар тарабынан Бишкек шаарынын ИИББ КМБ жазма буйругуна ылайык 869 жол белгиси орнотулду, бул жумуштарга пландаштырылган 5000,0 миң сом акча каражатынын ичинен жалпысынан 3250,0 миң сом сумма чыгымдалган.

Мында 2015-жылдын күз мезгилинде көчө-жол тармактарын текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык, мектептин жана бала бакчалардын тегерегиндеги аянттарды кошуу менен, жол белгилеринин талап кылынган белгилүү саны бүгүнкү күндө орнотула элек. Ошентип, мектептин жана бала бакчалардын жанына гана 460 жол белгисин, ошондой эле 35 жерге ылдамдыкты чектөөгө мажбурлоо устундарын орнотуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 650 токтомуна ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды тейлөөгө багытталган уюмдардын жайгашкан жерлерине жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү (ДМЧЖ кыймылы жөнүндө эскертүүчү белгилер) орнотуу боюнча иштерди уюштуруу талап кылынат.

Жүргүзүлгөн иштерге карабастан, Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылыштагы депутаттарынын маалыматы боюнча жол белгилерин, ылдамдыкты чектөөгө мажбурлоо устундарын орнотуу жана шаардын өзүнчө участокторуна жол сызык белгилерин түшүрүү бөлүгүндө шайлоочулардын суроо-талаптары толук көлөмдө чечилген эмес.

Жол белгилери менен катар, 2015-жылы "Бишкекасфальтсервис" МИнин күч-аракети менен К.Датка көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектисинен ЧЧК тарапка карай 436,7 метр узундуктагы 516,8 миң сом суммасында жөө жүргүнчү тосмолору орнотулган. Абдырахманов, Байтик Баатыр көчөлөрү, Тынчтык, Чүй, Жибек Жолу проспектилери боюнча жайгашкан жөө жүргүнчү тосмолоруна ремонт иштери аткарылган.

2016-жылга карата "Бишкекасфальтсервис" МИнин линиясы боюнча Аламедин базарындагы Жибек Жолу проспектиси жана К.Датка көчөсү боюнча 1807 жол белгилерин (керектөөнүн 42,6%ы), 1375 п/м узундуктагы 1,2 метр бийиктиктеги жана Ауэзов жана Ж.Пудовкин көчөлөрү боюнча 2377 п/м узундуктагы 0,8 метр бийиктиктеги жөө жүргүнчү тосмолорун орнотуу пландаштырылган.

11248 чарчы метр көлөмдө термопластик, ошондой эле 30183 чарчы метр көлөмдө АК511 боёк-сыры менен жол сызык белгилерин түшүрүү пландаштырылган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкекасфальтсервис" МИнин директорунун (Амантуров М.К.), КРнын ИИМнин АМЭБдин начальнигинин (Исмаилов К.Ч.), Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин (Усенов С.Дж.) жана Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБнын начальнигинин (Омурканов С.К.), Бишкек шаарынын ИИББнын Кайгуул милиция башкармалыгынын начальнигинин (Насыркулов Н.К.) маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын вице-мэри Г.А.Милицкий белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине светофордук объектилерди, жол белгилерин, Кыргыз Республикасынын ИИМнин КМБнын АМЭБдин карамагында жайгашкан, адистештирилген техника жана жабдууларды, ошондой эле Горький көчөсү 20 боюнча өндүрүштүк базаны, имараттарды жана курулуштарды өткөрүп берүү маселесин демилгелесин;

- Бишкек шаардык кеңешке жол кыймылын жөнгө салуу (жол белгилери жана жол сызык белгилери, светофорлор ж.у.с.) техникалык каражаттардын комплекстик эксплуатациялоо, тейлөө жана ремонттоо боюнча макулдашууга даярдасын жана киргизсин.

3. КРнын ИИМнин КМБ АМЭБдин (Исмаилов К.Ч.) жана "Бишкекасфальтсервис" МИнин (Амантуров М.К.) жетекчилигине бирдиктүү кызматка кийин өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо, ишкананын карамагында турган жол белгилеринин тийиштүү эсебин уюштуруу зарылдыгы көрсөтүлсүн.

4. "Бишкекасфальтсервис" МИ (Амантуров М.К.), Кыргыз Республикасынын ИИМнин КМБ АМЭБ (Исмаилов К.Ч.) ишканасынын карамагында турган ар бир жол белгисинин эсебин камсыздасын, ар бир жол белгисине, анын ичинен ККБдан жана Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБнан кабыл алынуучу белгилер боюнча, алардын жайгашкан ордун жана абалын эске алуу менен атайын карточка жасашсын.

5. Бишкек шаарынын ИИББнын Кайгуул милиция башкармалыгы (Насыркулов Н.К.) шаардын светофордук объектилерин башкаруунун автоматташтырылган системасын жайылтуу боюнча техникалык-экономикалык негиздерди иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырма даярдасын.

6. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги (Усубалиев А.А.):

- шаардын светофордук объектилерин башкаруунун автоматташтырылган системасын жайылтуу боюнча техникалык-экономикалык негиздерди иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу маселесин иштеп чыксын;

- ДЖАЙКА эл аралык Япон агенттиги менен Дэн-Сяопин пр. - Интергельпо көчөсү боюнча светофордук объектисине кошумча секцияларды орнотуу бөлүгүнө Дэн Сяопин пр. - Фучик көчөсү, Дэн Сяопин пр. - Интергельпо көчөсү боюнча орнотулган светофордук объектилердин программалык камсыздалышын корректировкалоо үчүн адистерди тартууда жардам көрсөтүү маселесин иштеп чыксын.

7. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы (Усенов С.Дж.), Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы (Омурканов С. К.):

- ыкчам тартипте эксплуатациялоочу уюмдарга 2015-жылы курулган светофордук объектилерди өткөрүп беришсин;

- шаардын жолдорун куруу жана реконструкциялоодон кийин, "Бишкекасфальтсервис" МИнин тийиштүү объектилерин өткөрүүдө милдеттүү түрдө документацияда өзүнчө сапча менен өткөрүлүп берилүүчү жол белгилеринин тизмесин көрсөтүшсүн;

- 2016-жылга карата титулдук тизме менен каралган светофордук объектилердин курулушун жана өз убагында тендер өткөрүүнү камсыздашсын.

8. "Бишкекбашкыархитектура" МИ (Абдиев Б.А.) жол белгилери жана светофорлор, ошондой эле жөө жүргүнчүлүк багыттоочу тосмолор үчүн орнотмолорго карата бирдиктүү техникалык талаптарды иштеп чыксын.

9. Бишкек шаарынын ИИББнын Кайгуул милиция башкармалыгы (Насыркулов Н.К.) белгиленген тартипте тийиштүү шаардык кызматтар менен биргеликте жол белгилерин, ылдамдыкты чектөөгө мажбурлоо жана жол сызык белгилерин түшүрүү устундарын, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыздоо жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча комплексинин тийиштүү жол белгилерин орнотуу бөлүгүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына карата шайлоочулардын ишке ашпай калган суроо-талаптарын милдеттүү түрдө кароо менен шаардын көчө-жол тармактарынын абалына ар жылдык жазгы текшерүүнүн жүрүшүн бүтүрсүн.

Жыйынтыктар боюнча тийиштүү маалыматты Бишкек шаарынын мэриясына жана зарыл болгон иштерди аткаруу боюнча жазма буйруктарды тийиштүү шаардык кызматтарга жөнөтсүн.

10. "Бишкекасфальтсервис" МИ (Амантуров М. К.):

- ишкананын карамагында турган жол белгилеринин талаптагыдай күтүлүшүн, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИББ КМБнын тийиштүү эскертүүлөрүнүн негизинде 2016-жылга карата шаардык бюджет менен каралган жол белгилерин жана жол сызык белгилерин орнотуу боюнча иштердин өз убагында аткарылышын камсыздасын;

- "Бишкекбашкыархитектура" МИ менен биргеликте ишкананын балансында турган жолдордун паспортторун түзүү боюнча иштерди, жол белгилерине жана светофорлорго дислокация түшүрүүнү эске алуу менен уюштурсун.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэрлер Г.А.Милицкийге, Э.К.Исаковго жана Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын коллегиясынын төрагасы

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын коллегиясынын катчысы

 

Р.Айтымбетов