Жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова социалдык оорулар (кургак учук, АИВ-инЪекция, бруцеллез, наркомандык, кутурма) Бишкек шаарында орчундуу экенин белгиледи. Учурда социалдык оорулардын алдын алуу боюнча программанын негизги принциби катары калкка маалымат берүү үчүн эффективдүү чараларды кабыл алуу жана комплекстүү мамиле кылуу маселеси бышып жетилди. Ошону менен бирге вице мэр, коомчулуктун кеңири жардамысыз, коомдун бардык секторлорунун күч-аракеттерин бириктирбестен, б.а. оорулардын санын кыскартуу жана кырдаалды турукташтыруу, Бишкек шаарынын калкынын саламаттыгын чыңдоо боюнча кызыкдар тараптардын биргелешкен аракеттерисиз бир да адам, бир да мекеме же система жайылган эпидемияны өз алдынча токтото албастыгын белгиледи.
Жыйындын катышуучулары коюлган маселелерди карап чыгып, талкуулагандан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо системасын башкаруу боюнча Координациялык комиссиясынын 4-кеңейтилген жыйынынын жыйынтыктары боюнча резолюция кабыл алышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |