Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө “Дордой” конушу, №255 дареги муниципалдык аймактын эсебинен уруксат документерисиз турак үй куруп алуу менен, жер тилкесин кеңейтип алгандыгы аныкталды.
Аталган даректин ээси Досбаев А.К.атына 20.04.2015-жылдын №013 “Алып салуу жөнүндө” буйругу берилген.
2015-жылдын 24-апрелинде өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулуш түрттүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |