Калаанын “Спартак” стадионунда Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган спартакиаданын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Спартакиаданы Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан ачып, катышуучуларды жана ардагерлерди куттуктады.
“Урматтуу ардагерлер, катышуучулар! Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган спартакиаданын ачылыш аземи менен чын дилимден куттуктайм. Жеңиш – бүткүл адамзаттын тарыхы болуп саналат. Кандуу согушта миңдеген жердештерибиз баатырларча курман болду. Алардын эрдиктерин эч убакта унутпайбыз. Ардактуу ардагерлер! Сиздер өсүп келе жаткан муундарга ата мекенге ак кызмат кылууда, мекенди сүйүүдө үлгү болуп келесиздер. Ал эми спартакиаданын катышуучуларына ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайм”,- деди район башчысы.
Спартакиадага 475 райондун спорт күйөрмандары катышып, спорттун 6 түрү боюнча ат салышмакчы.
Спартакиадынын ачылыш аземине Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мектеп окуучулары жана спорт күйөрмандары катышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |