Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган соода объектилерин алып салуу боюнча иштерин баштады.
Өз ыктыяры менен орнотулуп алынган объектилерди алуу 17-апрелде Асанбай кичи районунда башталган жана Д.Асанов атындагы сейил багында уланды. Бүгүнкү күндө 31 мыйзамсыз жеңилдетилген объект алынып салынды.
Учурда башаламан соода жана мыйзамсыз орнотулган павильиондорго түшкөн арыздардын негизинде Октябрь райондук администрациясынын башчысы болот Алымкулов Октябрь районунун тургундары менен жолугууда.
Аталган жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча район башчысы тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берип, башаламан соода менен күрөшүүдө.
Белгилей кетсек, башаламан соода жана мыйзамсыз орнотулган соода объектилери менен күрөшүү уланат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |