Калаанын №64 мектеп-гимназиясында Октябрь райондук администрациясынын башчысы 8-кичи районунун тургундары менен жолукту.
Жолугушууга 80 дей кичи райондун тургундары жана активисттери катышты. Райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кыскача отчету менен башталып, алдыдагы пландар талкууланды.
Очтеттун соңунда каалоочулар суроолоруна жоопторун алышты. Жолдогу коопсуздук, урдоо, тоноо, жарыктандыруу, ошондой эле, короолордогу жолдорду оңдоо көйгөйлөрү көтөрүлдү.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Кытай Эл Республикасы жолдорду капталдык оңдоого грант бөлүп бергендигин белгиледи. Анын ичинде, жакынкы аралыкта Жукеев-Пудовкин көчөсүндө капиталдык оңдоо башталат.
“Кезегинде мен калаа башчысына жана Бишкек шаардык кеңешине үйлөрдүн алдындагы жолдорду оңдоо сунушун жиберем”-деди Болот Алымкулов.
Мындан тышкары, район башчысы таштанды чогултуучу унаалардын жаңы бирдиктери жана европалык стандарттагы таштанды контейнерлери ишке кирерин белгиледи.
Район башчысынын кийинки жолугушуусу 29,29,30-апрелде өткөрүлөт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |