Калаанын №5 кесиптик лицейинде мэриянын Бишкек шаардык башкаруусунун Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан студенттер, жумушсуздар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “ Кесиптер жана бош орундар жарманкеси” уюштурулду.
Жарманкеге 25тен ашык ишканалар жана калаадагы 14 кесиптик лицей катышты.
Шаардын ишканаларында жана уюмдарында ылайыктуу жумуш издеп, ишке орношуу максатында 3 миңден ашык бош жумуш орундары сунушталган.
Аталган жарманкеде жумуш берүүчүлөргө кадр тандоо, ал эми жумушсуз жарандар үчүн ылайыктуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жогорку окуу жайында окуган студенттер өндүрүштүк практика өтүү үчүн ишкана тандашса, мектеп бүтүрүүчүлөрү кесиптик лицейлердеги адистиктер боюнча маалымат алышты.
Кесиптик багыттоо иш-чарасынын алкагында кесиптик лицейдин окуучулары жумушчу кесиптерди жайылтуу максатында мастер-класстарды өткөрүшүп, концерттик программасын тартуулашты.
Жумуш издеген жарандардан 60 адам аңгемелешүүгө чакырылды, жумуш берүүчүлөр 45тен ашык резюме кабыл алышты.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай кесиптердин өзгөчөлүктөрү, кесиптик лицей жана адистиктер боюнча, лицейге тапшыруу шарттары, практикадан өтүү жана ишке орношуу тууралуу биле алышты.
Жарманкеде кайсы бир катышуучу келечек кесибин тандоодо бир чечимге келсе, башкасы кабыл алган чечими туура экендигине ынанды. Ал эми мектеп бүтүрүчүүлөрү өз максаттарын бир аз убакыттан кийин эле ишке ашыра башташат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |