Саламаттыкты сактоо департаменти балдарды эмдөөдөн өткөрүүгө чакырат
- Подробности
- Опубликовано 19.01.2015 12:23
Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти ата-энелерди Үйбүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга жана балдарын кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүүгө чакырат.
Бишкектин саламаттыкты сактоо департаменти баш калаада кызылчага байланыштуу жагдайдын курчуп жатышынан улам эгерде бала 1 жаштан 6 жашка чейин кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өтпөгөн болсо, ошондой эле, бала бакчалардын жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларын жашаган аймактын Үйбүлөлүк медициналык борборлорунан кызамыкка каршы эмдетүүгө чакырат.
“Урматтуу ата-энелер, эгерде баланын дене табы жогорулап, жөтөл пайда болуп, денесине кызыл бүртүкчөлөр чыгып, тамагы ооруса тез арада дарыгерге кайрылгыла же болбосо үйгө чакырткыла! Санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактагыла!”-деп билдирет Саламаттыкты сактоо департаменти.
Эскерте кетсек, оору аба аркылуу жугат. Ооруган адам айланасына инфекцияны таратуучу булак болуп саналат. Башка бөлмөдө отуруп деле жуктуруп алышы мүмкүн.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |