Бишкек шаарында 28 Ленинград блокадачылары жашайт
- Подробности
- Опубликовано 24.01.2014 13:53
“Учурда Кыргызстан блокадачылар коомунда 35 адам турат, алардын 28 Бишкек шаарында ал эми 7 республиканын башка аймактарында жашашат”- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова 24-январда өткөн маалымат жыйынында.
Бүгүнкү күндө блокадачыларга Бишкек шаарынын мэриясы социалдык жардамдарды көрсөтүп турат. Аларга: бир жолку материалдык жардамдар, 1200 сом өлчөмүндөгү квартал сайын берилүүчү стипендия, коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу кирет деп кошумчалады вице-мэр.
Ленинград блокадасынын толук алынгандыгынын 70 жылдыгына карата баш калаада 26-27-январда иш-чаралар уюштурулат.
Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында эскерүү-митинги өткөрүлөт.
26-январда Ч.Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын фойесинде саат 16-30да КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, блокаданын катышуучусу Иван Соловьевдун сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Ушул эле театрда 26-27-январда саат 16-30да, 29-январда саат 18-00до Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен коюлган “Өлгүм келбейт” спектакли көрсөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |