Баш калаада ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк көркөм-чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк боюнча XV Фестивалынын гала-концерти өтүүдө
- Подробности
- Опубликовано 02.12.2013 10:55
Бишкек шаарынын мэриясы “Майыптардын Эл аралык күнүн” белгилөөнүн алкагында, балдардын республикалык “Сейтек” борборунда үстүбүздөгү жылдын 2-3-декабрында ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк көркөм-чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк боюнча XV Фестивалынын гала-концертин өткөрүүдө.
Фестиваль жыль сайын өткөрүлүп турат. XV Фестивалдын баштапкы туру 12-15-ноябрда өткөрүлүп, 14 балдар уюмдары катышты жана өздүк көркөм-чыгармачылыгынын 147 номери көрсөтүлдү.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө грамоталар, дипломдор, баалуу сыйлыктар тапшырылат.
3-декабрда гала-концерт чоңдор арасында улантылат. Конкурска жалпысынан 36 мекеме-уюмдардан 300дөн ашык адам катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |