ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук жамаат аныкталды

Бишкекте Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү арасында Эл аралык спорт күнүнө арналган «Спорттук жамаат» мелдеши жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөр аныкталды.

Мелдеш «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия –ден соолукту чыӊдоо комплексинде өткөрүлдү. Мелдешке жалпысынан 17 жамаат катышты.


Спорттук иш-чара дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу, сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеӊишке жетишишти:


1 –орун  – Спорттун түрлөрү боюнча спорттук мекетеп;


2 –орун  – Оор аталетка боюнча спорттук мектеп;


3 -орун –Биринчи май районунун спорттук мектеби;


 4 -орун – Ленин районунун спорттук мектеби.


Алдыӊкы орундарды алган командалар Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.