ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Эл аралык кызматташтык бөлүмү эл аралык байланыштар жаатында Бишкек шаарынын мэриясынын саясатын жүргүзүүнү камсыздайт, эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды ишке ашырууда мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт, Бишкек шаарынын эл аралык мамилелерин бекемдөөгө жана өнөктөштүк, туугандык жана өз ара пайда негизинде жаңы байланыштарды түзүүгө көмөктөшөт.
2. Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
- Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык мамилелерин координациялоо;
- Бишкек шаарынын аймагында ишке ашырылуучу эл аралык иш-аракеттери чөйрөсүндө долбоорлорду жана программаларды координациялоо;
- Бишкек шаарынын эл аралык мамилелерин кеңейтүү жана бекемдөө, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнөктөштүк, өз ара пайда негизинде жаңы байланыштарды түзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
- эл аралык мамилелер чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын макулдашууларын жана башка документтерин даярдоо, кол койдуруу жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо;
- Бишкек шаарынын позитивдүү эл аралык беделин түзүү.
3. Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн иш-милдеттери төмөнкүлөр:
- чет өлкөлүк мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен Бишкек шаарынын чет өлкөлүк байланыштарын координациялоону жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык экономикалык, финансылык жана коомдук уюмдар менен кызматташат;
- Бишкек шаарына келе турган чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууну уюштурат, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары иш сапарларга жиберүүгө көмөктөшөт;
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылуучу кат алышууларды жүргүзүү үчүн эл аралык байланыштар маселелери боюнча материалдарды даярдайт;
- документтердин англис тилине которулушун камсыздайт;
- Бишкек шаарынын аймагында сүйлөшүүлөрдү жана мэриянын эл аралык, тышкы экономикалык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына киришин уюштурат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгат жана коштойт;
- белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын эл аралык уюмдарда жана ассоциацияларда, конференцияларда жана башка эл аралык иш-чараларда көрсөтөт, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын ишине Бишкек шаарынын делегациясын катыштырууну уюштурат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө келишимдерди, макулдашууларды жана башка документтерди даярдоону координациялайт, аларды карайт жана аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.