Октябрь райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, Санитардык-экологиялык инспекциясы №9 МАБ менен биргеликте Юнусалиев кѳчѳсүндѳгү чарба субъектилеринин айланаларынын санитардык абалына текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ чарба субъектилеринин ээлери жана ижарачыларына санитардык абалды жакшыртуу жана айланаларын ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери ѳткѳрүлдү.
Санитардык нормаларды жана кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандарга бузууларды четтеттүү протоколу түзүлдү. Аталган багыттагы иштер дагы улантылат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |