Свердлов райондук администрациясы Свердлов райондуксоту жана Свердлов райондук ИИБы мененбиргеликте административдик жоопкерчиликти бузгандарды коомдук иштерге тартуу иштерин улантууда.
2018-жылдын январь айынан тартып Свердлов райондук сотунун токтому менен 29 жарандын мыйзам бузгандыгы аныкталып, анын ичинен 25 жаран коомдук иштерге тартылган жана 4 жарандын иши каралууда.
Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан мажбурлап алып келүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндѳ мыйзам бузуучулар, милиция кызматкерлеринин коштоосу менен белгиленген аймакта таштандыларды тазалоо жана шыпыруу сыяктуу иштерди аткарууда.
Убактылуу жумушчулар бардык керектүү шаймандар (инвентарь) менен жеринен камсыздалат.
Коомдук иштерге, мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин жалпы 23 тартип бузуу беренелери менен тартылышат.
Алар: майда бейбаштык кылуу, белгиленбеген жерге таштандыларды ыргытуу жана ѳрттѳѳ, бак-дарактарды уруксатсыз кыюу жана зыян келтирүү, жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү окутуу жана тарбиялоодо өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн жана автоунааларды мас абалында айдоо сыяктуу учурларда коомдук иштерге тартылышат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
15.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |