Биринчи май райондук администрациясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун, КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылдагы жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрүлдү.
Ошондой эле жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
2017-жылдагы аткарылган иштер боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макеновдун жана райондук администрациялардын башчыларынын докладдары угулуп, өздөрүнүн докладдарында экономика, транспорт жана инфраструктура маселелерине кайрылышты.
Коллегияга берилген отчётто 2017-жылы Бишкек шаарында экономиканын оӊ өсүү темпи камсыздалганы белгиленди. 15 өнөр жай тармагынан физикалык көлөмдүн индекси 12 тармакта камсыздалган.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
15.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |