“Ала-Арча” суусунда муз тыгындарынан улам өзгөчө кырдаалдарды пайда болтурбоо, ошондой эле, жеке үйлөрдү суу каптап кетпөөсү үчүн ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгы Ленин райондук администрациясы жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Ала-Арча” суусун муз тыгындарынан тазалоо иштери жүргүзүүдө.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, КРнын вице-премьер министри Дайыр Кенекеев, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бооронов Рыскулов көчөсүнөн өтүүчү «Ала-Арча» суусунун тазалоо иштерин текшерди.
Азыркы учурда Рыскулов көчөсүнүн ылдый бөлүгүндө муз тыгындарын тазалоо боюнча иштер улантылууда. Тазалоо иштерине ӨКМ, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын жана Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери, ошондой эле 17 атайын техника тартылды.
Буга чейин аталган жерде муз топтому көбөйгөндүктөн, сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугу үчүн жээктерди бекемдөө үчүн дамба орнотулуп, кум салынган каптар менен бекемделген.
Учурда шаардык бийлик тарабынан “Ала-Арча” жана “Аламүдүн” сууларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп, муз тыгындарын тазалоо иштери улантылууда.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
15.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |