ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү милдеттерди ишке ашыруу;
- Бишкек шаарындагы архитектура, шаар куруу, курулуш, инженердик инфратүзүм жана жер мамилелери жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздоо үчүн  жетектелген багыттардын программаларын жана пландарын түзүү жана талдоо.
2. Бөлүмдүн негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жер участокторун, тышкы жарнамаларды, муниципалдык базарларды, токтотмолорду жана унаа туруктарды мөөнөттүү жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, муниципалдык менчикти укуктук жөнгө салуу жана натыйжалуу пайдалануу;
- Бишкек шаарынын Башкы планынын  ишке ашырылышын координациялоо;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу имараттардын, курулмалардын, шаар жолдорунун жана көп кабаттуу турак жайлардын капиталдык курулушун жана реконструкцияланышын, капиталдык оңдолушун жана калыбына келтирилишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- шаар жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана реабилитациялоодо мэриянын бирдиктүү макулдашылган саясатынын ишке ашырылышын камсыздоо;
- Бишкек шаарынын аймагында шаар куруу-архитектура иш-аракетинин жаатында бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу;
- өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүүнү жана ишке ашырууну контролдоону жүзөгө ашыруу, администрациялык, турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди, ошондой эле социалдык маданий турмуш тиричилик объекттерди капиталдык куруунун жана реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун жана калыбына келтирүүнүн бардык инфратүзүмүн комплекстүү өнүктүрүү;
- курулуш жаатында көзөмөлдөө жана сапатын контролдоо, тартипти сактоо маселелериндеги бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.