ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Экономика жана финансы бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Экономика жана финансы бөлүмүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде шаардык башкарууну өркүндөтүүгө жана шаардын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү экономикалык саясатты түзүү жана өркүндөтүү;
- иш-аракеттердин жетектелүүчү багыттары боюнча экономика, финансы, салык жана жыйым, статистика, ишкердик, калктын жумуштуулугу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу, жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү, инвестицияларды координациялоо, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегияларынын жана программаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу чөйрөсүндө маселелерди чечүүдө мэриянын иш-аракеттерин камсыздоо;
- ишкерлерге администрациялык жана жөндөөч жүктөмдү азайтуу жана ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын ылайыкташтыруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүүгө жана өткөрүүгө көмөктөшүү;
2. Бөлүм төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын талдоо;
- шаардык экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштардын жана сунуштоолордун экономикалык кырдаалын талдоо негизинде иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык болжолун иштеп чыгууга катышуу;
- кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун даярдоого жана түзүүгө контроль жүргүзүү;
- жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыздоо;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу, ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын ылайыкташтыруу боюнча иштерди координациялоо;
- ишкердикти колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бөлүмдүн иш-аракеттер чөйрөсүндө Бишкек шаарынын жагымдуу бизнесин жана инвестициялык чөйрөсүн түзүүгө жана алга жүрүүсүнө көмөктөшүү;
- иш-аракеттердин жетектелүүчү багыттары боюнча Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;
- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ишине мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана контролдоо.