ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жеӊил атлетикалык эстафета уюштурду

Дайыр Асанов атындагы сейил багында Октябрь раойнунун мектеп-гимназиялары, орто мектептери, жогорку окуу жайлары, райондук кызматтар жана Октябрь районунун администрациясы үчүн жеӊил атлетикалык эстафетасы өткөрүлдү.

Спорттук иш-чара Улуу Ата-Мекендик Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, иш-чараны ачып жатып эстафетанын катышуучуларына саламын айтып, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, мындай иш-чаралар коомду бириктирип, сергек жашоого үндөйт деп оюн билдирди.


Аким баардыгын Улуу жеӊиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, сөздү атайын чакырылган Октябрь районунун Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Мэлис Бейшеевге берди. Мэлис Бейшеев өз сөзүндө Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишине арналган коом үчүн маанилүү болгон иш-чараларды өткөрүп жаткан  райондун башчысына  ыраазычылыгын билдирди.


Октябрь районунун спорт комитетинин төрагасы Канатбек Маматов аталган иш-чарага 300гө жакын билим берүү уюмдарынын окуучулары жана Октябрь районунун ар кайсы кызматтарынын кызматкерлери катышканын билдирди. Иш-чарага кыздар жана балдар командалары катышып, үч категорияга - мектеп жана гимназиялардын окуучулары, ЖОЖ студенттери, райондук кызматтардын жана түзүмдүк  бөлүмдөрдүн кызматкерлери деп бөлүндү.

Мектеп жана гимназия окуучуларынын кыздар командаларынын ичинен №60- орто мектеп, ал эми балдар командаларынын ичинен №37-мектеп-гимназиясы ийгиликке жетишти.


Октябрь районунун жогорку окуу жайларынын арасында МАУПФИБдин кыздары да, балдары да биринчиликке ээ болушту.


Ал эми райондук кызмат жана структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин кыздар арасында биринчи орунду №8-жергиликтүү аймактык башкаруунун кыздары алды. №11-жергиликтүү аймактык башкаруунун балдар командасы да биринчи орунга чыгышты.


Жарышты  эстафетанын катышуучулары жалпы чуркоо менен аякташты.


Байге ээлерине медалдар, сертификаттар жана калаа мэриясынын логотиби түшүрүлгөн футболка жана баш кийимдери берилди.