ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кургак тиричилик таштандыларды башкаруу боюнча эл аралык эксперт баа наркын көтөрүүнү сунуштайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын имаратында кургак тиричилик таштандыларды башкаруу боюнча брифинг өттү.

Журналисттердин суроолоруна Даниядан келген кургак тиричилик таштандыларды башкаруу тармагынын эксперти Педер Бисберг жооп берди. Эл аралык эксперт КТТ башкаруу боюнча өз мамлекети Даниянын тажрыйбасы тууралуу айтып берип, Бишкеке салыштырмалуу ал жакта таштанды чыгаруу үчүн ар бир үй-бүлө 100$ чейин төлөөрүн белгиледи.  


 «Калктан чогулган акча каражатынын көбү сорттолгон таштандыларды кайра иштетип чыгууга жумшалат. Таштандыны турган жеринде тургундар өздөрү сорттошот. Сорттоо эрежелерин бузгандар болсо, кийинки жолу эреже бузууга айып төлөнөт деген  эскертүү жиберилет. Таштандыны көрүнгөн жерге таштагандар ири көлөмдөгү айыпка тартылат»,- деди Педер Бисберг.


 Эксперт Педер Бисбергдин ою боюнча, таштандыларды башкаруунун абалын жакшыртуу үчүн биринчи кезекте таштандыны чыгаруу тарифин жогорулатуу, жаӊы таштанды төгүү полигонун куруу  жана ошондой эле, шаар тургундарына таштандыны сорттоо үчүн ылайыктуу шарт түзүп, «Тазалык»  муниципалдык ишканасына унаа паркын кеӊейтип, жаӊылап жана кошумча контейнерлерди сатып алуусу зарыл.

Аталган брифингге эл аралык эксперт Педер Бисберг, мэрдин кеӊешчилери Альмира Гинятуллина жана Гуля Алмамбетова, «Тазалык»  муниципалдык ишканасынын башчысы Рысбек Сарпашев жана  "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын башчысы Алыбек Апазов, мэриянын ЕРӨБ  боюнча консультанты  Аскар Сатыбеков жана журналисттер катышты.