ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэриясы калаа жолдорун оӊдоо иштерин баштайт

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин соода-экономикалык тармагынын кеӊешчиси мырза Сунь Хэ  Кытай Эл Республикасынын грантка бөлүнгөн каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын жолдорун кайра куруу жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюшту.

Эки тарап кол койгон келишимдин суммасы 44,6 миллион юаньды түзөт.


Калаа башчысы иш жүзүнө ашырылуучу биргелешкен долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.


«Мен бул долбоор эки тараптуу жемиштүү кызматташтыктын башаты деп ишенем. Компаниялар үчүн негизги талап мөөнөт жана сапат деп койдук. Эми бардык объекттер өз убагында аткарылат деп ишенебиз»,- деди мэр.  


Тендердин жыйынтыгы тууралуу маалымат камтыган документтер Кытайга Башкы компанияга бекитүү үчүн жиберилет. Андан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана тендерди утуп алган «China-Road» компаниясы келишимге кол коюшат.


Ауэзов, Жукеев-Пудовкин жана Махатма Ганди көчөлөрүн кайра куруу иштери кытай курулуш компаниясы менен келишимге кол коюлгандан кийин 14 иш күнү өткөндө башталат.