ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык ботаникалык бакта санитардык нормалар сакталбай келет

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде Ахунбаев көчөсү, №1 а дарегинде жайгашкан Гаргеев атындагы Ботаникалык багынын аймагы антисанитардык абалга жетип, таштандыларга толгон.

Бакчанын жетекчилиги тарабынан санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер бузулган.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Гаргеев атындагы Ботаникалык багынын директорунун милдети аткаруучу Т.С. Мусуралиевдин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.