ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Ленин районунун тургундары менен жолукту

Темир жолчулардын клубунда калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жана ИИББ башкармалыгы  Ленин районунун тургундары менен жолугушушту. 

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу, өзгөчө, акыркы убакта  күчөп бара жаткан үйлөрдү тоноо маселеси талкууланды.  

Калаа башчысы жашоочулардын бардык көйгөйлүү суроолоруна жооп берип, алдыдагы пландары менен бөлүштү.


«2015-жылга пландаштырылган  жолдорду куруу  боюнча башкы тизмеге  Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкин жана Ауэзов көчөлөрү киргизилди»,- деди мэр.

Мындан тышкары, 2016-2017-жылдары Бишкек шаары боюнча жаӊы аялдамаларды куруу, эскилерин жаӊыртуу пландаштырылууда. Калаа көчөлөрүндө чуӊкурларды оӊдоо иштери башталат. Алдыда азыркы  лампаларды  энергия үнөмдөөчү светодиоддук лампаларга алмаштыруу каралган.


Аталган жолугушуу Бишкек шаарынын ИИББ башчысы Жунушалиев Кашкар, Ленин райондук администрациясынын башчысы  Мирлан Аскар уулу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  башчылары, мэрия кызматкерлери жана шаар тургундарынын катышуусу менен өттү.