ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Октябрь районунун тургундары менен жолукту

№63-орто мектепте Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Октябрь районунун тургундарынын жолугушту.

Алгачкы суроолордун бири аймактык тескөөчүлөрдүн иши жөнүндө болду. Бул суроо боюнча ар тараптуу ойлор айтылды. Тургундардын бирөөлөрү тескөөчүлөрдүн жумушун мактаса, кай бирөөлөрү нараазычылыктарын билдирип жатышты. Тургундардын айтуусу боюнча, негизинен, тартипти батирде тургандар бузушат. Андан кийинки көйгөйлүү маселелерден болуп унаа урдоо экендиги айтылды.  
Аймактык тескөөчүлөрдүн ишинен тышкары, жарыктандыруу, таштанды, жол белгилери, жол чырак, мектеп жана бала бакча маселелери айтылды.

Азык-түлүк павильондору тууралуу да көп арыздар түштү. Тактап айтканда, жашоочулар спирт ичимдиктери сатылган павильондорду алып таштоону суранышты.
Ошондой эле, жеке футбол талаалары тууралуу да арыздануулар болду.


«Таӊ атканча ойношот. Жарык күчөткүчтөрү терезебизге тийип уктатпайт. Анысы аз келгенсип, кыйкырышат, болгондо да тилденип кыйкырышат!»,- деди шаар тургундары.


«Сиздердин арыздарыӊарды угуп отуруп , мен бир нерсени түшүндүм. Ал- аймактык тескөөчүлөр менен турак- жай менчик ээлеринин шериктигинин бирдиктүү ишинин жоктугу. Азыр тигил же бул ИИББ кызматкерин мактап же тескерисинче сындап жатканыӊар бул силердин жеке көз карашыӊар. Милициянын ишине объективдуу баа берүү  керек. Мен сиздерди аким менен да тыгыз байланышта болууга үндөйм. Жакын арада башкармалыкты бөлүштүрүү пландаштырылууда. Ошондо акимдердин бийлиги көбүрөөк болот»,- деп калаа башчысы тургундарга жана турак -жай менчик ээлеринин шериктигинин төрагаларына кайрылды.  

Аталган жолугушуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов,  ИИББ башчысы Кашкар Жунушалиев, Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары, мэриянын кызматкерлери жана кичи райондордун тургундарынын катышуусу менен өткөрүлдү.