Калаада «Петербург жолугушуусу» өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 30.03.2015 15:13
Үстүбүздөгү жылдын 25нен 28-мартка чейин «Бишкекте Петербург жолугушуусу» программасынын алкагында маданий-агартуучу иш-чара болуп өттү.
Программанын салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз-Орус Славян Университетинин чоң залында өткөрүлдү.
«Урматтуу Бишкектиктер жана шаар тургундары! Бүгүн, биз кубаныч менен Санкт-Петербург делегациясын тосуп жатабыз. Санкт-Петербург Россия Федерациясынын маданий борбору болуп эсептелет»,-деп белгиледи мэриянын аппарат жетекчиси.
«Бишкекте Петербург жолугушуусу» программасынын расмий ачылышынан кийин Бишкек жана Санкт-Петербургдун фольклордук ансамблинин концерти тартууланды. Кыргыз-Орус Славян Университетинин экинчи кабатында петербургдук фотографтардын сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөдө Россиянын маданий шаарларынын сүрөттөрү коюлду. Бардык сүрөттөр калаага белекке тапшырылды. Театр искусствосунун күйөрмандарына Санкт-Петербург драм театрынын артистери тарабынан Ф.М. Достоевскийдин «Кроткая» спектали көрсөтүлдү.
Ошондой эле, балдар үчүн театралдык чыгармачылык боюнча ар түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү. Аталган мастер-класстар №13 орто мектепте болуп өттү. Мугалимдер, окуучулар, студенттер жана бардык каалоочулар үчун ар түрдүү: орус тили, математика, информация, маданият алмашуу, журналисттик чеберчилик, Россиянын тарыхы жана Санкт-Петербургда билим алуу тууралуу семинарлар, лекциялар, мастер-класстар өткөрүлдү.
«Бишкекте Петербург жолугушуусу» программасынын салтанатту жабылыш аземи №13 жалпы билим берүү мектебинин чоң залында өткөрүлүп, иш-чаранын жыйынтыгында семинарларга жана мастер-класстарга катышкан катышуучуларга күбөлүктөр жана сертификаттар тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |