ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Таш-Темир» ААК өндүрүш технологиялары менен таанышты

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов өлкөдөгү ири курулуш мекемелеринин бири  «Таш-Темир» ААКнын өндүрүш технологиялары менен таанышты.

Район башчысын мекеменин башкы директору Артур Пак тосуп алып, темир-бетондук буюмдарды өндүрүүчү технологиялар менен тааныштырды жана алдыдагы пландарын айтып өттү.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы цехти кызуу менен карап чыгып, өзү да Фрунзе прибор чыгаруучу заводдо иштегенин белгиледи. Ошондой эле, мекеменин жетекчиси эффективдүү менеджмент, иш орундарын түзгөндүгү үчүн жана калаанын экономикасына зор салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.


Маалымат: «Таш-Темир» ААКу бетон жана темир-бетондук буюмдарды өндүрүүдө өлкөдөгү ири курулуш мекемелеринин бири. Аталган мекеме 60 жылдан бери иштеп келет. Бул Советтер союзу кулагандан кийинки калган мекеме жана  башкаруу эффективдүү болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин иштеп, 170 жогорку иш орундары менен камсыздап келет.