ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна күн панелдерин орнотууну пландаштырууда

Бүгүн, Бишкек шаарынын  мэриясынын жыйын залында Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна күн панелдерин орнотуу келишимине кол коюлду.

Панелдерди апрель айында алып келип, үстүбуздөгү жылдын май айында ишке киргизилет.

Келишимге калаа мэри Кубанычбек Кулматов менен «RIDGmbH» компаниясынын коммерциялык директору Вальдемар Редердин колу коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри Кубанычбек Кулматов техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

«Күн нуру жана ушундай табигый ресурстарыбыз болуп турганда, биз аларды толук колдонушубуз керек»- деп белгиледи мэр.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский жана «RIDGmbH» компаниясынын Бишкек шаарындагы өкүлү Уланбек Джураев катышты.

Эске салсак, 2015-жылдын январь айында «RIDGmbH» компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында күн панелдерин бекер жеткирүү жана орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.