ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө “Ак-Өргө” конушунда мыйзамсыз, тиешелүү документтерисиз жер тилкесин кеңейтип алуу жана дубал орнотуу фактысы аныкталды.

Узундугу 27 метр жана туурасы 10 метр өлчөмдөгү дубал курулган. Аталган жер тилкесинин ээси Алтынбек Ботонбековго 19.05.2014-жылдын №0158 “Алып салуу жөнүндө” эскертүүсү берилген.


Берилген эскертүүлөрдү аткарбагандыгына байланыштуу 08.07.2014-жылдын №79/17 РЛ сериясы административдик укук бузуу протоколу түзүлүп, Ленин райондук сотунун кароосуна жиберилди.


Ленин райондук сотунун 15-январь 2015-жылдын № АП-2159/14-Б1 токтому менен А.Болотбеков күнөлүү деп табылып, 10 миң сом өлчөмдөгү айып салында жана жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү берилди.


2015-жылдын 23-мартында сотуун токтмуна ылайык дубал өз ыктыяры менен алынып салынды.