ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте оор атлетика боюнча чемпионат өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети үстүбуздөгү жылдын 19-20-мартында адистештирилген залда оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын Ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке катышууга калаанын курама командалары, спорттук мектептер, спорттук клубдар жана дене тарбия жамааттары катышты.
Мелдеш эрежелер жана салмак категориясына жараша өткөрүлдү.


Аталган чемпионаттын жыйынтыгында төмөнкү спортчулар жеӊишке ээ болушту:

77-85 кг салмактык категориясында төмөнкүл атлеттер жеӊишке ээ болду:
I орун- Жакишев Улан;
II орун- Бейшеев Байзак;
III орун- Кубанычбек у.Айдин.

91-99 кг салмактык категориясында:
I орун- Жапаров Жалиль;
II орун-  Расулбеков Бекдолот;
III орун- Салмурбек  у.  Максат.

69 кг салмактык категориясында:
I орун- Абдрахманов Сыргак;
II орун-  Марсаев Медер;
III орун- Тасманалиев Эламан.
56 кг салмактык категориясында:
I орун- Саламатов Искандер;
II орун-  Бердиматов Актан;
III орун- Эмиль у.Саламат.
62 кг салмактык категориясында:
I орун-  Бекнур у. Тимур;
II орун- Айтпеков Кадырбек;
III орун- Баабек у. Токтогул.
94 кг салмактык категориясында:
I орун- Таштанбеков Азат;
II орун-  Таалайбек у. Темирлан;
III орун- Луговой Дмитрий;
105 кг салмактык категориясында:
I орун- Аскарбеков Эрлан;
II орун - Дроздов Роман.
105 кг  жана андан жогорку салмактык категориясында:
I орун- Сарманов Нурбек.
кыздар арасында 45,52,54,58,67,70,79 кг салмактык категориясында:
I орун- Шакенбаева Назгуль, Талантбек к.Алина ,Жумакадыр к.Майрам, Чолпонбек к. Раушан, Аскарбек к.Гульзат, Хафизова Нургуль,Абдылдаева Роза;
II орун - Ерофеева Светлана, Екимова Надежда, Салмирова Альфия.
I, II, III орундарды алган жеӊүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медаль, диплом жана баалуу белектери менен сыйланышты.