ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Слово Кыргызстана» гезитинин мааракеси менен куттуктап, 90 миӊ сом тапшырды

23-мартта өлкөнүн эски гезиттеринин бири  «Слово Кыргызстана» гезити 90 жашка толду.

Бул маанилүү күнгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы гезиттин жамаатын мааракеси менен куттуктап, 90 000 сомдук сертификат тапшырды.


«Слово Кыргызстана» гезитинин жамаатын жана ардагерлерин 90-жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Гезиттин тарыхы – биздин өлкөбүздүн тарыхы. Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик, кызыктуу макалаларды жана чыгармачылык эргүүлөрдү каалайм»,-деп берилет Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун куттуктоо сөзүндө.


Гезиттин жамаатын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, мэриянын атынан 90 00 сомдук сертификат тапшырды.