ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин Нооруз майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Аманкулов Нооруз майрамында 1925-жылы туулган Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Умар Сооронкуловду мааракеси жана Нооруз майрамы менен куттуктады.

Ушул күнү  Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу 90 жашка толду. Район башчысы чын жүрөктөн ардагерди  туулган күнү, аны менен удаа келген Нооруз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Ошондой эле, Октябрь райондук администрациясынын атынан акчалай жана атайы даярдалган белектерди тапшырды.


Мындан тышкары, “Ата-Түрк” сейил багында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Сейил бакка келген конокторго  “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борборунун жана Октябрь районунун музыкалык жамаатынын атынан майрамдык концерт тартууланды.


Маалымат: Октябрь районунда бардыгы 696 ардагер катталган, алардын ичинен 100 майып жана Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, 4 концлагердин туткундары. Октябрь райондук администрациясы райондун Социалдык кызматы менен биргеликте согуштун ардагерлерине көӊүл буруп, Арадагерлер кеӊеши менен биргеликте иш алып барууда.