ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, “Ала-Тоо” конушунда №82 жаңы орто мектептин ачылыш аземи өткөрүлдү.

Салтанатуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайы жана  ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.


“Бүгүн, бизде кубанычтуу күн. Анткени, биз чоң конуштардын бири “Ала-Тоо” конушунда жаңы мектептин ачылышына катышып жатабыз. Сиздерди ачылыш аземи менен чын дилимден куттуктайм. Бул мектептен биздин балдар сапаттуу билим алып, өлкөбүздүн чыныгы патриоттору жана мыкты адистери чыгат деген үмүттөмүн”,-деп куттуктады калаа башчысы.


Кыргыз Республикасынын  президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайы жана  ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев мектептин директоруна белек сертификатын тапшырды.


Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусу, анын ичинде ашкана, спорт зал, китепкана, заманбап класстар, ошондой эле, конференц-зал жана окуу класстарынан турат. Мектеп  500 окуучулук орунга ылайыкталган.