ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Ардактуу коноктор!
Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жадыраган жазда келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин!


 Нооруз майрам адам жан дүйнөнүн жана  ыймандык тазаруу майрамы. Анткени, ар бир адам бул күнү өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилейт.


 Нооруз бул – жаңы Күндүн башталышы, ал жаңы Күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер менен, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган.


Баба дыйкан аштык айдап, үрөөн сээп, жер менен сырдашкан. Түн бою апаларыбыз даярдап чыккан сүмөлөк адамдарга күч – кубат берет.


Ушул касиеттүү майрамда мен баарыңыздарга адам байлыгы - ден – соолукту, үй – байлыгы – наристенин күлкүсүн, жашоо байлыгы - бакытты, ыйман байлыгы - тазалыкты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты каалайм!


Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер болсун, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!
Нооруз майрамыбыз кут болсун!


Терең урматоо менен Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов