ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаз майрамы менен куттуктайт

Калаанын “Ала-Тоо” борбордук аянтында эл аралык “Нооруз” жаз майрамы өткөрүлдү.

Шаар тургундары жана коноктор үчүн майрамдык концерт тартууланды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундарын жана конокторду жаз майрамы менен куттуктап, бакыт-таалай, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.


“Нооруз майрам адам жан дүйнөнүн жана  ыймандык тазаруу майрамы. Анткени, ар бир адам бул күнү өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилейт.


 Нооруз бул – жаңы Күндүн башталышы, ал жаңы Күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер менен, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган.


Баба дыйкан аштык айдап, үрөөн сээп, жер менен сырдашкан. Түн бою апаларыбыз даярдап чыккан сүмөлөк адамдарга күч – кубат берет.
Ушул касиеттүү майрамда мен баарыңыздарга адам байлыгы - ден – соолукту, үй – байлыгы – наристенин күлкүсүн, жашоо байлыгы - бакытты, ыйман байлыгы - тазалыкты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты каалайм!
Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер болсун, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!”-деп куттуктады калаа башчысы.


Ошондой эле, шаар тургундарын балдар бий тобу, кыргыз эстрада жылдыздары, театр артистери жана калаанын ЖОЖдорунун студенттери куттуктады.
Борбордук аянттан алыс эмес, Кыргызстан элдер ассамблеясынын имаратынын алдында Кыргызстанда жашаган  ар улуттун көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.