ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов "Байланышта - министр" деген акцияга катышып, угармандардын суроолорун жооп берди

Ачык өкмөт, саясат алкагында министр  байланышта акциясында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 18-март 1-радио толкунунда түз эфирде угармандардын суроолорун жооп берди.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 2014-жылдын ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат берип, шаар тургундарынын курч суроолоруна жооп берди.


«Биз бир жылдын ичинде шаар көйгөйлөрүн карап чыкты. Алты айдын ичинде биз өзүбүздүн программабызды иштеп чыгып, сунушубузду Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бекитип берди. Бул программада ыңгайлуулук, коопсуздук жана ийгиликтүү шаар атын койгонбуз. Шаардын бюджети жакшы, бирок, 4,5 млрд. мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын республикага өткөрүү боюнча эки маселе койгонбуз. Биринчиден өзгөрүүгө, өнүктүрүүгө каражат булактарын табуу, экинчиден жаңы системага киргизүү каралган»-деп белгиледи калаа башчысы.


Ошондой эле, угармандар тарабынан коомдук транспорт, жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, жол чырактары, тазалык, жолбун иттер, жаңы конуштар, мыйзамсыз курулуштар жана башка  курч көйгөйлөрү айтылып, калаа башчысы суроолоруна жооп берди.