ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жумушсуз тургундарын улуттук бош орундар жарманкесине чакырат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Бишкек шаардык башкармалыгы 2015-жылдын 19-мартында саат 10.00 жумушсуздар үчүн улуттук бош орундар жарманкесин өткөрөт.

Жарманке Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсү, №208 дарегинде жайгашкан Улуттук китепканада өткөрүлөт.


Жарманкеге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов, Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Зууракан Каденова, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков жана вице-мэр Айгүл Рыскулова чакырылды.


Аталган жарманкеге Бишкек шаарынын 50дөн ашык мекеме жана уюмдар катышат.


Жумуш издөөчүлөр үчүн калаанын мекеме жана уюмдарынын 4 миңден ашык бош орундар сунушталат.


Жарманкенин катышуучулары шаардык башкармалыктын жумушка орноштуруу, кесиптик окутуулар жана жаңыдан үйрөтүү, убактылуу иштер боюнча тизмеси сунушталат.


Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Жарандарды жумушка орноштуруу борбору  чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча консультация өткөрөт.


Бардык кызыккан суроолор менен (0-312) 34-36-03, 65-10-40, 65 58 68, 34-35-75, 64-17-60 номурларына кайрылсаңыздар болот.