ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды оор атлетика спортчуларын колдоого чакырат

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети 2015-жылдын 19-мартынан 20-мартына чейин Жукеев-Пудовкин көчөсү, №41А дарегинде жайгашкан оор атлетиктер үчүн адистештирилген залында 2005-жылдагы март революциясынын 10 жылдыгына арналган оор атлетика боюнча Ачык Чемпионат өткөрүлөт.

Мелдешке калаанын курама командалары, спорттук мектептер, спорттук клубдар жана дене тарбия жамааттары катыша алат.


Мелдеш белгиленген салмак категориясы жана эрежелер боюнча өткөрүлөт.


Аталган чемпионат калаадагы оор атлетиканы жайылтуу, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, жаштарды патриоттук тарбиялоо жана оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын курама командасын чогултуу максатында өткөрүлмөкчү.