ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жерди басып алуучулар менен күрөшүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти Лесная көчөсү, №122 жана Андижан көчөсү, №91, 103, 107 дарегинин тургундары  мыйзамсыз, тиешелүү документтерисиз муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеӊейтип алуу фактысын аныктады.

Аталган факт боюнча Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан Лесная көчөсү, №122 жер тилкесинин ээсине 01.12.2015-жылдын №000172 3,0мх18,0 м өлчөмдөгү дубалды  «Алып салуу жөнүндө», ал эми Андижан көчөсү, №91, 103, 107  жер тилкелеринин ээлерине «Аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө» эскертүүсү берилди.

Азыркы учурда 4 курулуш өз ыктыяры менен алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.