ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекти жашылдандыруу бир кыйла жеңилдеди

“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы жаңы атайы техника берилди.

Калаада 12-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын балансына  жалпы суммасы 9 млн.638 миң сомду түзгөн 4 бирдик атайы техниканы берүү иш-чарасы өткөрүлдү.


Тапшыруу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба  мамлекеттик агентигинин директору Сабир Атаджанов, калаанын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков жана “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын башчысы Анвар Атантаев катышты.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба  мамлекеттик агентигинин директору Сабир Атаджанов берилген техникалар менен Бишкек шаары көркүнө келет деген үмүтүн билдирди.


“Биз келечекте мэрияны колдоого жана кийинки этаптарда калаанын ирригациялык тармактарын калыбына келтирүү иштери үчүн  каражат бөлүүнү пландап жатабыз”,-деп белгиледи.


Кезегинде калаанын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков муниципалитетке техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Аталган иш-чаранын алкагында “Жашылдандыруу” МИ төмөнкүлөр берилди:
•    2 298 000 сомго 1 бирдик  Жүк ташуучу автосамосвал. Жеткирип берүүчү  «Энерго-Тех-Проект» ЖКЧсы.
•    1 930 800 сомго 1 бирдик Автокран-манипулятор. Жеткирип берүүчү  «Жиб-Ади-Строй» ЖЧКсы.
•    3 310 000 сомго 1 бирдик Автосеки. Жеткирип берүүчү  «Жиб-Ади-Строй» ЖКЧсы.
•    2 100 000 сомго 1 бирдик Дүмүрдү түп тамырынан алып таштоо жана бактарды отургузуу агрегаты. Жеткирип берүүчү   «Промтехмаш» ЖЧКсы.

Аталган техникаларды берүү иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба  мамлекеттик агентигинин “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына техника сатып берүү үчүн  тендер өткөрүү жөнүндө  04.08.2014-жылдын №01-9/272 буйругун аткаруунун негизинде өткөрүлдү.