ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түртүрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай  куруу департаменти тарабынан Щербаков көчөсү, №239 дареги тиешелүү уруксат документтерисиз жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип, пайдубал куруп алуу фактысы аныкталды.

Аталган даректин ээси Бурул Сарчаловага Департамент тарабынан №0247 11.07.2014 “Аныкталган бузууларды четтеттүү жөнүндө” эскертүүсү берилген.


Берилген эскертүүлөрдү аткарбагандыгына байланыштуу 01.08.2014-жылдын №103/1А РП административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилген. Биринчи май районунун 14 08.2014-жылдын № АП-1401/14. Б3 буйругу менен Б.Сарчаловага 10 миң сом өлчөмдөгү айып салынып, жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү буйругу берилген.


Биринчи май районунун соттук аткаруучулар менен биргеликте 16х3 чарчы метр өлчөмдөгү үйдүн пайдубалы түртүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.