ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Октябрь райондук администрациясы 8-март жаз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Октябрь районунун 400 айымы, алардын ичинде баатыр-энелер, жалгыз бой энелер, ардагерлер, эмгек сиңирген ишмерлер, жана башка көптөгөн райондун жаркыраган, татыктуу айымдары чакырылды.


Жаз майрамынын урматына райондук администрация тарабынан улуттук консерваториянын, “Таберик” жана “Ак-Шоола” чыгармачыл жамаатынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.


Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу ордун белгиледи жана ден соолук, ийгиликтерди каалап өттү.


Кезегинде Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева Октябрь райондук администрациясынын жетекчилигине аталган иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Райондун көрүнүктүү ишмерлерине жана активистерине сертификаттар тапшырылып, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкуловдун атынан бардык чакырылган айымдарга белектер тапшырылды.